|
Бишкек шары. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз
улуттук филармониясы
Урматтуу Ынтымак Курултайынын катышуучулары! Урматтуу Президент!
Сөзүмдүн башында Кыргызстандагы Адам укуктарын коргоого багытталган ийгиликтерге токтолгум келет.
- жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пактынsy 2 -факультативдик протоколун ратификациялоо менен Кыргызстан олум жазасынан биротоло баш тартты.
- Зордук зомулукка каршы Конвенциянын Факультативдик протоколун ратификациялоо менен Кыргызстан зордук зомубулукка жол жок деген олколордун катарына кирип, Улуттук превентивдик механизмди түзүүнү коздоп турат.
Ошол эле убакта Кыргызстанда Адам укуктарынын одоно бузулган фактылары орун алып жатат:
А) Жарандардын тынч жыйындарга катышууга болгон укуктары аткаруу бийлиги тарабынан да иш жузундо да, мыйзам чегинде да бузулуп жатат. Тынч жыйындарды откозууго тыйуу салынып, жыйындын катышуучуларын кармап, камап, административдик гана эмес, кылмыш иши ачылып жатканы окундурот. Буга мисал, укук коргоочу Максим Кулешов пикетке жалгыз чыкканына карабастан, ал милиция кызматкерлери тарабынан бир нече ирээт кармалып, акыркы жолу жин оорулар диспансерине жеткизилгенден кийин, ал жигит баш паанек сурап, олкодон xsusg кетууго мажбур болду. Бул иш боюнча Баш прокуратура эмдигиче оз пикирин билдире элек. Тынч жыйындарга тоскоолдук кылуу менен Кыргызстан жарандардын бузулгус укуктарын сактабай, жана Эл аралык милдетин аткарбай жатат. Акыркы кабыл алынган Конституциялык соттун чечими жагдайды мурдагыдан да татаалдантып койду.
Сунуш:
Тынч жыйындардын катышуучуларынын укугун мыйзамсыз бузган мамлекеттик кызматтагы адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу керек.
Мамлекет жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун сыйлап жана коопсуздукту камсыздап, тоскоолдуктарга жол бербөөсү керек. Ошондой эле тез аранын ичинде жарандардын укугун сактаган жана аны ишке ашырууну камсыз кылган мыйзам кабыл алынууга тийиш.
Б) Укук коргоо уюмдарынын байкоо жүргүзүүсү, зордук зомбулукту колдонуу учурларынын 90 пайызы ички иштер кызматы тарабына туш келээрин корсоткон. Калган 10 пайызы психиатриялык ооруканаларга, жашы жете элек балдар кармалып туруучу жайларга, аскер бөлүктөрүно тиешелуу. Кыргызстанда болгону торт гана тергөө абактары СИЗО лор бао болгондуктан, айыпталуучулар милиция оперативдик кызматкерлер ээн эркин кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар, убактылуу кармоо жайларында ИВСтерде кармалып турушат. Ушул жагдай Кыргызстанда милиция кызматкерлери тарабынан зордук зомбулуктардын кенири колодонулушуна шарт тузуп берип жатат.
Кыргызстанда зордук зомбулукка чек коюуу учун сунуштар:
- Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколунун талабына ылайык «Улуттук превентивдүү механизм» жөнүндөгү мыйзам-долбоорун кабыл алууну тездетүү.
- Кыргызстандын азыркы экономикалык абалында олконун баардык райондорундо тергөө абактарын СИЗОлорду куруу мумкун эмес экенин эске алып, убактылуу кармоо жайларын ИВСтерди Ички иштер министрлигинин карамагынан Жазык аткаруу кызматынын карамагына өткөрүп берүү зарыл. Бул озгортуулор Адам укуктарынын сакталышына козомолду жогорулатат жана республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынбайт.
В) 2008-2009-жыл терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш жургузуу
шартында Адам укуктарынын бузулушу боюнча жаңы проблемалар бар экенин корсотту. 2008-жылы Ноокатта Орозо Айт майрамы куну келип чыккан аракеттерден кармалгандарга тергоо убагында уккан адамдын журогун титреткен мыкаачылык кыйноолор колдонулган. Ушул убакка чейин зордук зомбулук колдонгон кызматкерлер жазаланбай келет. Экстремиттик жана террористтик күчкө каршы деген шылтоо менен откозулгон операциялардын жыйынтыгында куноосуз, жөнөкөй, динге ишенген, экстремисттик ой-максаттары жок жарандар жапа чегишкени бизге малым. 2009-жылда Өзгөн жана Жалалабатта болгон операцияларда эч кандай зарылчылыгы жок, же соттун чечими жок, куноосу далилденбей туруп, спец служба тарабынан курал колоднулуп, Кыргызстандын эле озбек улутундагы жарандары атылып олтурулгон. Ал эми дагы бир уй булоонун уйу орттолуп жиберилген. Атылгандардын аялдары узак жылдарга камалып кетишти. Сот учурунда атылгандардын же кармалгандардын куноосу далилденген жок. Эл аралык келишимдер соттун чечими жок Адам омурун кыюгага тыйуу салат жана кылдат соттук териштирууну мамлекетке милидеттендирет.
Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү шартында, адам укугу жана эркиндиги мыйзам алкагында корголуусу зарыл. Экстремизмге жана терроризмге каршы жүргүзүлгөн атайын аракеттер Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо менен коштолуусу керек. Мындай аракеттер соттук жана жарандык козомолдун астында жүрүгүзүлуусу керек. Соттон тышкары киши олтуруулордон мамлекет баш тартууга жана жарандарды коргоого алууга милдеттуу.
2009 жыл Кыргызстан учун дагы бир уку бузуунун корунушун тартуулады. Ал кыргызстанга Эл аралык укук коргоочулардын олкого киргизилбей жана тушунуксуз жагдайларда олкодон чыгарылып жиберилиши дуйнолук тынчсызданууну жаратты. Ноокат окуясында орун алган кыйноолордун тажрыйбасын ачк айтканы учун Виталий Понамарев жазаланды. Кыргызстан оз ыктыяры мнен кошулган БУУнун Адам укуктар Комитетине маалымат даярдоого адвокаттарга окутуу откозгону учун Нигина Бахриева Кыргызстанга киргилиген жок.
Кыргызстан Эл аралык укук коргоочуларга жана журналисттерге олкого кирууго салынган тыйуулардан баш тартууга тийиш. Мамлекет укук коргоочуларга олкого кирууго тыйуу салгандын ордуна, коюлган айыптардын негиздуулугуно козомолду кучотууну, кылмышты моюнга алдырыш учун кыйноолордун колдонулушуна жол бербоону жана тергоо органдарынын иш сапатын жогорулатуу талабын кучотуусу зарыл.
Мен Кыргызстан БУУ нун Адам укуктар боюнча кенешине мучо болгонун баалайм. Ушул жылдын 3 майында КР окмоту кенештин алдында оз отчетун берет. Кенеште мучо болуу бул гана сыймык эмес жогорку жоопкерчилик жана чон милдет. Фридом хауз Эл аралык уюму 2009 жылда Кыргызстанды эркин эмес олколордун тизмесине киргизгени от чон тынчсызданууну жана кооптонууну жаратат. Ошондуктан, сиз президент жана Коснтитуциянын гаранты катары Кыргызстандагы Адам укугунун абалын оз козомолунузго алуунуз зарыл.
Журналисттерге болгон кол салуулар кучоп жатат. Эркин басылмалар куугунтукталууда.
Алмаз ташиевди олтургон милиция кызматкерине болгону 2 жыл шарттуу жаза чегерилди.
Ошондуктан Президент укук коргоо уюмданыры жана укук коргоочулар менен бир жылда эки жолудан кем эмес жолугушуу откоруп турушу зарыл деп белгилегим келет.
Созумун акырында, эки адамдын аманат тапшырмасын Сизге жеткизипуу менин милдетим:
Биринчиси киши колдуу болуп олтурулгон журналист Алишер Сайиповдун атасы Аваз Сайипов эки жылдан бери сизге Кире албай жерот. Ошол адам кабыл алып коюнузду суранат.
Экинчиси 2005 жылки Президенттик шайлоодо сизге ак батасын берген генрал Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы Анипа апа сиздин кабыл алуунузду суранат.
Урматту Уважаемые делегаты Курултая Согласия! Уважаемый Президент!
Ушуну менен созумду аяктап жатып. Айткандарым курук соз болбошу учун фактыларды тастыктаган материалдарды, урматту Курманбек Салиевичке тапшырып коюга уруксат этесиздер.
Кошумча материалдар:
Ноокат
Максим Кулешов
Узген, Жалалбад
Укук коргоочулар – В. Понамарев, Бахриева, Хамраев.
Мамадаилев
|