|
Орус тилинен расмий эмес котормо
(Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Доклады үчүн Параграф[1])
Жаштарга карата адам укуктарынын сакталышы. Кыргыз Республикасында жаштар укук коргоо кыймылынын өнүгүшү
2009-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Институту өзүнүн тарыхында биринчи жолу жаш адамдардын укуктарынын сакталышы туралуу өзүнчө параграфты жазууну Кыргызстан жаштар укук коргоо тармагына (КЖУКТ)[2] ишенип тапшырды. Бул бөлүктү даярдоодо ноябрь-декабрь айларында баардык региондордо ар кандай жаштардын арасында фокус-группалар уюштурулуп, 506 адамды камтыган сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясаты
Чечимдерди кабыл алууда жаштардын катышы, ошондой
эле алардын потенциалын ишке ашыруу, көпчүлүк учурда мамлекеттик жаштар саясатына көз каранды (МЖС).
2009-ж. 25-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» КР Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алган. Жаңыланган укуктук нормативдик акт демилгечилердин айтымында «өзгөчө, анткени аны иштеп чыгууда жаш жарандар түздөн түз катышышкан»[3].
Жаңы мыйзам боюнча жаш жарандар жаштар саясатынын субъектиси болуп калмакчы. «Волонтердук ишмердүүлүк» деген түшүнүк киргизилген, ал болсо өз кезегинде, волонтерлукту адистиги боюнча иштөө мезгилине кошуу аракетинде башка укуктук нормативдик актылардын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Мыйзамдын жакшы жагына «жаштардын расмий эмес(неформал) бирикмеси» жана «уюшулбаган жаштар» деген түшүнүктөрдүн киргизилишин эсептесе болот, анткени жаштардын жогорудагы бирикмелери мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууда катыша алышат.
Өзгөртүлгөн мыйзам өзүнүн мурдагы версиясындагы мамлекеттик жаштар саясатын республикалык жаштар иштери жана балдар боюнча аткаруу бийлик органы ишке ашырат деген шилтемесинен ажыратылган. Мыйзамдын жаңы редакциясындагы 5-статьяга ылайык мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүү жана ишке ашырууга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын бир тобун укуктуу кылып койгон. Ошону менен мындай норма келечекте Жаштар иштери боюнча Департаментин жоюп жиберүүгө шарт түзөт.
Ошону менен бирге жаштарга киргендердин жашы 35тен 28 жашка кейин кыскартылган. Мындай чектөөнүн киргизилишине эл өкүлдөрү «жаш адамдардын көпчүлүгү мамлекетке кошумча кыйынчылыкты жана оорчулукту жаратууда»[4] деген шылтоону айтышкан. Буга чейин эле, 2006-жылы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жашы 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштардын саны 1991279 адамды түзгөн, ал болсо калктын жалпы санынын 39% түзгөн. Калктын үчтөн бир бөлүгүнүн маселерин чечүүнүн ордуна мамлекет аларды оорчулук келтирет деп эсептеп санын кыскартууну чечкен.
Мыйзам мамлекеттик каржылоо жардамы аркылуу мамлекеттик жана жергиликтүү максаттуу программаларга катышууга жаштарга мумкүнчүлүк берет жана ал багытта Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 50 млн. сом убада кылынган. Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик каржылоо колдоосуна конкурс ачык-айкын болуп, баардык кызыкдар тараптар үчүн бирдей болуп, конкурстук комиссиянын катышуусунда болуш керек.
2009-жылдын 25-июнунда Жаштар иштери боюнча департаменти коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө социалдык проектердин конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктай турган эксперттердин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган. Бирок уюштуруу комитети жана эксперттик комиссия боюнча конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.[5]
2009-жылдын 19-октябрында Жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан жаштар уюмдары арасында социалдык маанилүү проектерди колдоого конкурс жарыяланган.[6] Граждандык коомдун көпчүлүк жаш активистери, алдыңкы жаштар укук коргоо уюмдары сыяктуу эле, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чарага катыштырылган эмес.
Саясый укуктар
ЖУКТК тарабынан сурамжылангандардын 19,7% 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда аларга басым жасалганын билдиришкен. Басым жасоонун негизги түрлөрү катары алар төмөнкүлөрдү белгилешкен: талапкерге добушун берүүгө мажбурлоо (шайлоо учурунда басым жасалганын билдиришкендердин 45%), кайсы бир талапкерди колдоп кол койдурууга мажбурлоо (30,8 %), жакындары аркылуу таасир кылуу (16,5 %), эркине каршы үндөө жүргүзүүгө мажбурлоо (11%).
Мониторинг жүргүзгөн уюмдар жаш адамдардын укуктары төмөнкү учурларда системалуу түрдө бузулгандыгын аныкташкан:
- Талапкерди колдоп кол койдурууга мажбурлоо[7]
- Массалык түрдөө агитациялык иш-чараларда колдонуу. Талапкер К.Бакиев менен 2009-ж. 20-июнунда жергиликтүү стадиондо болгон жолугушууга, областтык администрациянын Жалал-Абад шаарындагы «баардык бюджеттик кызматкерлерди жана студенттерди[8]» мобилизациялоосу административдик ресурсту колдонуунун үлгүсү болуп калды. Ушундай эле көрүнүш Ош жана Талас шаарларында да байкалган. 2009-ж. 2-июлда Бишкек шаарында, борбордук ЖОЖдордун 2 миң чамалуу студенттерин, сессия жүрүп жатканына карабай, «эски» аянтка алып чыгышкан. Бул иш-чара расмий түрдө «Камбар-Ата 2» ГЭСине студенттик отрядтарды жиберүүгө арналган, а бирок баардык жерлерде Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентин колдоого чакырган плакаттар болгон. КР Коопсуздук кеңешинин секретары А.Мадумаров, КР Вице-премьер-министри У.Абдулаева, КР билим берүү жана илим министри А.Мусаевдер чыгып сүйлөшкөн. Ушул жерде, Кыргыз Республикасынын шайлоо кодексинин 30 беренесинин 13 пунктуна ылайык мамлекеттик кызматкерлер кызмат учурунда үгүт иштерин жүргүзүүгө укугу жок экендигин белгилеп коюш керек. Бирок Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жогорку кызматтагы чиновниктер тарабынан мыйзам бузуу болгонун тапкан эмес.
- Кээ бир жогорку окуу жайларында сессия тапшыруу жана бүтүрүү экзамендеринин убактысы шайлоо күнүнө жылдырылган. Ош мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик юридикалык институтунда, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте окугандарды жатаканага учетко турууга мажбурлашкан[9].
Жарандык жаш активистер менен мамлекеттин ортосунда диалог түзүү аракеттерине карабай, 2009-жылы бир топ окуялар көз карандысыз жаштарга басым жасоонун ар кайсы жолдору мурункудай эле колдонулуп жатканын агийнелеп койду. ЖУКТК тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо 2009-жылы партиялардын жаш мүчөлөрүнүн жана жаш коомдук ишмерлердин 20,4% «кызмат адамдары тарабынан өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү үчүн кысымга алынганы[10]» аныкталган.
2009-жылдын 4-мартында жаш активист Максим Кулешов Республикалык психикалык ден-соолук борборуна (РДСБ) укук коргоо органдары тарабынан жеткирилген. Ал жерде аны эркине каршы 22,5 саат убакыт кармашкан, ага белгисиз дарыларды куюшуп, кур менен керебетке таңып коюшкан. Кийинчерээк врач Аралбаев Ж. жана РДСБ директорунун орун басары Э.Бешкемпиров «күчкө салып госпитилизациялоого негиз болгон эмес» жана «диагноз коюлган эмес[11]» деп моюндарына алышкан. Бул жерде «Психиатриялык жардам жөнүндө» КР мыйзамы бузулган, анткени мыйзамда «психикалык абалы оор» болгон учурда гана күчкө салып госпитилизациялоого уруксаат берилери айтылган.
М.Кулешов менен чогуу кармалган шериктеши Михаил Голованов, сот тарабынан 15 сутка абака кесилген. Ошол эле учурда ага адвокат алуу укугуна уруксаат беришкен эмес. 2009-ж. 5-мартында апелляциялык арыз берилгенине карабай, КР административдик Кодексинин 598 беренесине карама каршы, Башкек шаарынын ИИБ начальниги Т.Дегенбаев жана М.Голованов олтурган Башкек шаарынын ИИБ убактылуу бөлүштүрүү абагынын начальниги Ж.Аширбаев тарабынан карата административдик жазалоо чечими токтоосуз түрдө токтотулган эмес. Аны бошотуш үчүн 2009-ж. 6-мартында Биринчи Май райондук сотунун төрагасынын токтому талап кылынган.
Шайлоо жакындаган сайын көз карандысыз жана оппозициялык уюмдардын активистерине болгон басым күчөгөн.
2009-жылдын 13 жана 14-июлунда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлери «Мен ишенбейм» кыймылынын жана партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрүн бирден жолугушууга чакырышкан. Жаштар менен болгон маектешүү катуу мүнөздө болуп, шайлоо алдындагы иш-аракеттер туралуу болгон. Митинге чыга турган болсо КР КЖКнын 233 беренеси (массалык башаламандыктар) менен жоопко тартылаарын активистерге эскертишкен.
Атайын казматтардын кызматкерлеринин мындай аракеттерин Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы мыйзамдуу деп тапкан. Жооп иретинде «Мен ишенбейм» кыймылынын мүчөлөрү 2009-жылдын 9-сентябрында көзөмөл органдын имаратынын алдына пикетке чыгышкан. Бирок, уюштуруучулардын КР «Жарандардын тынч, куралсыз, эркин митинг жана демонстрация өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамынын чегинде жиберилген билдирмесинин бар болушу жана соттун тыюу салган расмий чечими жок экенине карабай Биринчи май райондук ИИБ начальнигинин орун басары Т.Шатманов тынч жыйындын өтүшүнө тоскоолдук кылып, өткөрүүгө тыюу салган.
Тынч жыйындарды өткөрүү боюнча мыйзамды катуулатып, чектөөлөрдү киргизүү, жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун ишке ашырууну кыйындаткан, ага мисал катары 2009-жылдын сентябрь-декабрь айларында – 9 акция өтсө, 2006-жылы ошол эле убакытта 17 акция болгон[12].
ЖУКТК социологиялык изилдөөсү көрсөткөндөй жаш саясый жана жарандык активистердин 9,8% 2009-жылы жок дегенде бир жолу милиция тарабынан митинг жана пикеттерге катышканы үчүн кармалышкан.
Негизи шайлоодон кийинки учурда эгерде акциялар саны жагынан аз болуп, жогорудагы мыйзамдардын аныктоосуна төп келбеген учурда тынч жыйындардын катышуучуларына карата болгон кысым кичине басаңдай түшөт.
2009-жылдын 4-августунда «Биз адам укугу үчүн»[13] жаштар флеш-мобунун катышуучуларын Өкмөт үйүнүн алдында сүрөткө түшүп жатышкан жеринен милиция кармаган, бирок сот административдик тартип бузуу жок болгондуктан ишти токтоткон. 2009-жылдын 20-ноябрында ушуга окшош «Жашоого укук үчүн»[14] флеш-мобун өткөрүү учурунда Биринчи май РИИБ кызматкерлери тоскоолдук кылышкан эмес.
2009-жылы жаш укук коргоочулар жаш активистердин жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча бир топ аракеттерди көрүшкөн. М.Кулешовду психиатриялык ооруканага жаткыруу жарандык коомду козуткан, ал психиатриялык ооруканада жаткан учурда ондогон көңүл кош эмес жарандар КР ИИМ имаратынын алдына каршылык акциясына чыгышкан. Бул окуя жаш укук коргоочулардын биригишине түрткү берген мисалдардын бири болгон.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүгө алынган «Мен ишенбейм» кыймылынын мүчөлөрүн, бир топ жаштар уюмдары колдоп чыгышкан. Атайын билдирүүлөр жана жабык брифинг аркылуу эл аралык уюмдарга жана шайлоого көз салган чет өлкөлүк байкоочуларга жаш активистерге жана студенттерге жасалып жаткан кысым тууралу маалымдалган.
Студенттердин укуктары
ЖУКТК жогорку окуу жайларда, орто окуу жайларда окугандардын жана мектеп окуучуларынын (9-11 класстар) укуктары канчалык деңгээлде сакталып жатканын изилдөө жүргүзгөн[15].
Студенттик чөйрөдө акча талап кылуу, кемсинтүү, басынтуу, контракттын шаттарын бузуу, материалдык баалулуктарды сатууга мажбурлоо, мыйзамсыз акча чогултуу, эксплуатация ж.б. терс көрүнүштөр аныкталган.
Сессия учурунда студенттерден акча өндүрүү билим берүү тармагында көнүмүш адатка айланган. «Кыргызстандын билим берүү тармагында коррупция барбы?»[16] деген суроого Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун абитуриенттеринин 84,4% «Бар» деп жооп беришкен. ЖУКТК жүргүзгөн башка бир сурамжылоодо 2009-жылы студенттердин 10% өз эркине каршы окутуучуларга акча берүү мажбур болушкан. Ушундай окуялардын бирин Ош гуманитардык педагогикалык институнун студенткасы айтып берген.
Экзамендик комиссияга «Дасторкон жасаш керек» деген шылтоо менен чогултула турган акчанын көлөмү 500 сомдон 2500 сомго чейин түзүп, көпчүлүк мамлекеттик жогорку окуу жайларда салт болуп калган. Ушуга бир мисалды Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институнун бүтүрүүчүсү *** келтирген, андан дипломдук ишин коргоого жакын жогорудагыдай иш-чарага 1500 сом талап кылышкан.
Билеттерди, лоторея билеттерин, мугалимдердин китептерин, керек болсо косметиканы жогорулутулган баада сатып алууга мажбурлоо – окуу жайлардагы коррупциянын жаңы формасы болуп калган. Талас мамлекеттик университетинде студенттердин тобу, мурда эле көрсөтүлүп бүткөн «Уул» кинофильмине билет сатып алуудан баш тартышкан. Ушунун баары университеттин ректору А.Жылкычиев окуу жайдын студенттеринин укуктары боюнча ыйгарым өкүлү менен жолугушуп, окуу жайдын аймагында материалдык баалулуктарды сатууга тыюу салгандан кийин болуп отурат.
Кызыл-Кыя геотехнология жана жаратылышты колдонуу институтунун студенттеринин демилгелүү тобу, окуу жайда билеттерди жана китептерди алууга мажбурлоого нааразы болуп, мындай соодагерчиликтин мыйзамдуулугун текшерүү максатында окуу жайдын жобосун сурашкан. Бирок окуу жайдын директору Шамшиев О. ар кандай шылтоолорду айтып институттун жобосун көрсөтүүдөн баш тарткан жана кээ бир активистерге орой мамиле кылган[17].
Жогорку окуу жайларынын администрациясы тарабынан келишимдик милдеттемелерин аткарбаган учурлар көп кездешет. Ушундай мисалдардын бирин Кыргызстан эл аралык университети көрсөткөн. Окуу жайдын жетекчилиги февраль айында, окуу жылынын ортосунда, окуу акысын жогорулаткан. Мындай кадам студенттер менен окуу жайдын ортосунда талаш тартышка алып келип, КР Акыйкатчысынын, студенттердин жана жаштардын укугун коргоо боюнча кеңештин кийлигүүшүсү менен студенттердин пайдасына чечилген. Башка бир мисал, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 1-3 курстарынын студенттеринен спорттук мүлккө деп 100 сомдон 300 сомго чейин акча чогултууга мажбурлашкан.[18]
2009-жылдын 26-октябрында Ош шаарынын студенттери пикетке чыгышкан, анда алар сабак берүүнүн төмөн деңгээлине жана педагогикалык курамдын этикасы жоктугуна, ошондой эле жатаканада жашоонун жана окуу үчүн баалардын өсүшү мүмкүн экендигине каршы нааразычылык билдиришкен. Ош шаарынын Мэри Мырзакматов М. студенттер менен жолугушуп, айтылган маселелерди териштирүүгө жана ОшМУнун жетекчилигине карата катуу чараларды көрөөрүн убада кылган.[19]
Мектептердеги абал боюнча. Каракол, Токмок, Талас шаарларындагы фокус-группаларда улуттук өзгөчөлүгү боюнча басмырлап-кемсинтүү, мугалимдер тарабынан кемсинтүү жана орой мамиле кылуу, мектеп өзүн өзү башкаруусуна өзүлөрүнүн талапкерлерин колдоого мажбурлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилешкен.
Ошону менен бирге эле, окуу жайлардагы абал көз карандысыз активдүүлүктүн өнүгүшүнүн оң динамикасын көрсөтөт.
«Эркин муун» либерал жаштар альянсынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институнун колдоосу менен Жогорку окуу жайларында студенттердин укуктары боюнча өкүлчүлүктөр кызматы (студенттик акыйкатчы) түзүлүүдө. Кээ бир ректораттар бул демилгени колдоп, укук коргоого бут тосушкан эмес. 2009-жылдын декабрына карата Кыргызстан боюнча тогуз жогорку окуу жайларында студенттик акыйкатчылар бар.
Жаштар укук коргоо тобу студенттик профессионалдык союзун өнүктүрүү боюнча проекти жүзөгө ашыра баштады. 2009-жылдын июнь айында Нарын мамлекеттик университетинде профсоюздук уюмчаны каттого мумкүн болду. Ж.Баласагын атындагы КУУда демилгечилер уюмчаны каттоодо тоскоолдуктарга кабылышкан.[20]
Жаш муундун, анын ичинде студенттердин укуктук маданиятын көтөрүү боюнча иш алып бараткан коомдук уюмдар аз эмес. «Эркин муун» Либерал жаштар альянсы, «Эмити» Жаштар коомдук фонду, Либерал жаштар клубу, «Кебел!» уюму, Жаштар укук коргоо тобу, «Кылым Шамы» адам укуктарын коргоо борбору, «Интербилим» борбору, «Эреп» коомдук уюму, «Биздин кылым» жаштар кыймылы коомдук уюму сыяктуу уюмдардын адам укуктары боюнча өткөргөн талкуулары жана семинарлары бир топ эффективдүү. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборуну үчүнү жыл катары менен адам укуктары боюнча «Бир дүйнө» аттуу документалдуу фильмдердин фестивалын уюштуруп келет.
Мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына укук боюнча таалим берүүнүн тармагы болгон «Street Law» аттуу программа кеңири жайылтылган.
Жеке кол тийбестик жана кыйноолордон эркиндик.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жаштардын укуктарын бузууда көп кездешкендердин бири ары-бери жүрүү эркиндиги укугунун бузулушу.
Кыргыз Республикасында паспорттук режим жарыяланган эмес, ошондой эле өздүгүн билдирген документ алып жүрүүгө жарандарды милдеттендирген бир да мыйзам жок. КР «Ички миграция жөнүндөгү» мыйзамында «ар бир жаран жүргөн жерине жана жашаган жерине катталган же катталбаганына карабастан баардык укуктарга ээ» (10-берене, 6-берене) деп айтылган. Ал эми иш жүзүндө ары-бери жүрүү эркиндиги укугу бир топ мыйзам алдындагы актылар менен бузулуп, натыйжада ал кармоолорго жана камоолорго, айып салууга, социалдык жана медициналык тейлөө колдонууда чектөөлөргө алып келет.
Көпчүлүк учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаштарга доо койгонду жакшы көрүшөт. ЖУКТК тарабынан суралгандардын 10,3% аларды 2009-жылы милиция кармаганын, ал эми 5,9% андай жагдайга бер нече жолу кабылганын билдиришкен. Тактап айтканда жаш жарандардын 16% өткөн жылы милиция менен жагымсыз жолугушууга душар болушкан. Алардын ичинен 52,1% жанында өздүгүн аныктаган документтин же паспорттун жоктугунан, же болбосо катталган жери башка жакта болгондуктан кармалышкан. Айрымдары милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонууга кабылышкан. Каракол шаарынан 16 жашаар Б. төмөндөгүнү айтып берген: «Мени милиция кызматкерлери токтотуп алышып, чөнтөгүмдө эмне бар экенин көрсөтүүнү талап кылышканда мен баш тарттым, анткени алар мени текшергенге укук берген документ көрсөтүшкөн жок. Алар мени абака алып келип токмоктошту…».
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан КР «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыккан. Эгер айтылган мыйзам кабыл алынып кала турган болсо жарандардын ары-бери жүрүү эркиндиги укугу бир топ чектөөлөргө кабылышы толук мүмкүн. Анткени бул долбоор жанында документи жок болгону үчүн кармоону мыйзамдаштырып кылып коет.
2009-жылдын октябрь айында Талас шаарына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Султаналиева келип, жергиликтүү мектеп окуучулары менен окуу жайлардагы рэкетчилик тууралуу маек курган. Жолугушуунун катышуучулары, мектеп топторунун ортосундагы кагылышууларды милиция кызматкерлери өздөрү козутат деген божомолдорду айтышкан. Жолугушуудан кийин ошол жолугушуунун катышуучуларынын кээ бирлерин милиция бөлүмүнө алып келишип, кээ бирлерине окуган жайларына барышып, «жогору жака Талас милициясынын үстүнөн арызданбагыла» деп талап кылышкан.
Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан колдонулуп жаткан кыйноолор жана башка жазалоонун адамкерчиликсиз түрлөрү жалаң гана жаштар проблемасы эмес. Бирок милиция тарабынан жарандардын ары-бери жүрүү эркиндиги укугун бузуу учурундай эле, зомбулука жаштар көп кабылышат. Бул жөнүндө кыйноолордон жапа чеккендерге юридикалык, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш алып барган «Азаттык үнү» коомдук фондунун статистикасы агийнелейт. 2009-жылы кыйноо фактысы боюнча жардам сурап кайрылган 37 адамдын жыйырма беши жаштар, же болбосо жардам сурап кайрылгандардын үчтөн экисин жаш жарандар түзгөн.[21]
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан физикалык же психологиялык зомбулук кылуу – бул бүгүнкү коомчулуктун айыкпай жаткан оорусу. Мындай дартты айыктыруу үчүн жарандык коомду мобилизациялоо жана системаны реформалоого мамлекеттин жетекчилигинин саясый эрки жеткен учурда гана мүмкүн. Жаштар үчүн, мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы алардын позициясын бекемдөө үчүн жарандык жана укуктук билим берүү керек.
Мамлекеттик бийлик органдарына Рекомендациялар:
- тиешелүү органдар тарабынан параграфта айтылган жарандык жана саясый активистерге карата басым болгон фактылары боюнча объективдүү текшерүү жүргүзүү;
- КР «Жарандардын тынч, куралсыз, эркин митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамын КР Конституциясына жана эл аралык нормаларга туура келтирүү;
- Жаштар бейөкмөт уюмдарына берилүүчү мамлекеттик колдоонун өткөрүлүшүн ачык-айкын кылуу жана баардык жаштар уюмдарынын катышуусун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына бейөкмөт уюмдардын жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте адам укуктары боюнча курс иштеп чыгуу жана ЖОЖдордун, атайын орто окуу жайлардын окуу программасына киргизүү;
- КР Билим берүү жана илим министрлигине, ЖОЖдордун админитрацияларына көз карандысыз жарандык активдүүлүкө болгон студенттердин укуктарын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана мамлекеттик бийлик органдарына мыйзам алдындагы актыларды карап чыгып, ары бери эркин жүрүү укугун чектеген актыларды жокко чыгаруу;
- КР «Ички иштер органдары туралуу» мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келишин терең анализ кылып чыгуу.
[1] Орус тилинен расмий эмес котормо
[2] КЖУКТга «Эркин муун» либералдуу жаштар альянсы, «Эмити» жаштардын коомдук фонду, «Кебел!» клубу, «Интербилим» борборунун жана «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жаштар тобу, КР Акыйкатчысынын алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо кеңеши, ошондой эле республиканын бир топ жогорку окуу жайларынын студенттердин укуктары боюнча ыйгарым өкүлдөрү киришет.
[3] http://www.undp.kg/ru/media-room/news/article/news-list/13-democratic-governance/605-new-law-on-state-youth-policy-passed
[4] Мыйзам проектисине маалымат аныктама
[5] http://jashtar.kg/site/ru/index.php?option=com_content&task=view&id=195&Itemid=9
[6] http://jashtyk.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=57:2009-07-29-15-11-19&catid=39:2009-07-29-14-21-13
[7] № 3 «2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча» Атайын билдирүү, июль 2009 ж., http://www.liberal.kg/addtexts/specsoobshhenie3.html
[8] «Менин тандоомдун мезгили» жарандык уюмдар союзунун Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун алдындагы абалга көз карандысыз мониторингинин отчету, 15-июль 2009 ж., 16 б.
[9] «Менин тандоомдун мезгили» жарандык уюмдар союзунун Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун алдындагы абалга көз карандысыз мониторингинин отчету, 15-июль 2009 ж., 16 б.
[10] Жаштарга карата адам укуктарынын бузулуш денгээлин социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы (коомдук уюмдар жана саясый партиялар активистери бөлүмү), ЖУКТК, декабрь 2009 ж.
[11] М.Кулешовду чыгаруу үчүн ооруканага келген КР Акыйкатчысынын Аппаратынын жана «Психикалык ден-соолук жана коом» коомдук уюмунун кызматкерлеринин талабы менен 5.03.09 ж. даарылочу врач Ж.Аралбаевдин жана РДСБ директорунун орун басары Э.Бешкемпировдун берген справкасынан.
[12] Статистика «Кылыш шамы» Адам укуктарын коргоо борбору тарабынан берилген
[13] Флеш-моб – алдын ала макулдашылган адамдардын жыйыны, коомдук жайда бат чогула калып, бир нече мүнөттө иш-аракеттерин өткөрүп, тез тарап кетишет.
[14] «Жашоо үчүн укук» Флеш-мобу өлүм жазасын кайтаруу аракеттерине каршы жаштардын укук коргоочу уюмдары тарабынан болгон жооп.
[15] КР Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча бул категориядагы жаштардын саны 559 522 адам, же болбосо калктын 10,6 % түзөт.
[16] http://www.for.kg/goid.php?id=68562&print
[17] Маалымат «Жаштар укук коргоо тобу» коомдук уюму тарабынан берилген
[18] http://youth.kg/schoolsuniversities/323-nezakonnyj-sbor-deneg-so-studentov-v-kyrgyzskom.html
[19] «АКИpress» Маалымат агенттиги http://fergana.akipress.org/news:58731/
[20] Жаштар укук коргоо тобунун координатору А. Абдрапиевдин http://liberal.kg/news/1/189.html статьясында келтирилген сөзү
[21] Маалымат «Азаттык үнү» коомдук фонду тарабынан берилген |